1. Акыл-эстин, күч эмгегинин жумшалышы аркылуу белгилүү бир максатка ылайык аткарылуучу жумуш, күч аракети, эмгек процесси. Силер сүйгөн мугалим, Ишин тейлей башкарды (Токомбаев). Иш бүткүл кайгыны жеңет, көңүлдүн кирин кетирет (Байтемиров). Ошондуктан Турсун апа дайым шат, Адал ишин колхозчулар жакташат (Осмонов). 2. Кызмат, кызмат абалы. Кылган ишим – бригадирмин, Жооптуу иш ал дагы (Нуркамал). 3. Администрациялык, сот органдары тарабынан карала турган маселе, факт, сот процесси. Иши сотто каралды.
operation (noun)
In mathematics, an action performed on a set of entities that produces a new entity. Examples of mathematical operations are addition and subtraction.
worksheet (noun)
A primary document used in Excel to store and work with data. A worksheet consists of cells that are organized into columns and rows; a worksheet is always stored in a workbook.
Ар нерсеге көзү жетик, акылы тетик, жөндөмдүү, түшүнүктүү. Айрыкча быйылкы кыштын алдындагы Кеңештин иш билги сунушуна ушул күнгө чейин ыраазы (Мырзаев). Жетекчилер да иш билги адамга асылат (Мырзаев).
Жөндөмдүү, жөндүү, түшүнүктүү. Айрыкча быйылкы кыштын алдындагы Кеңештин иш билги сунушуна ушул күнгө чейин ыраазы (Мырзаев). Жетекчилер да иш билги адамга асылат (Мырзаев).
ИШ БОЮНЧА НАТЫЙЖА – мамлекеттик жана коомдук органдардын, кызмат адамдарынын жарандын дайындуу иш боюнча кайрылуусун канаттандыруудан баш тартуусу жана чара көрбөөсү.
ИШ БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ – козгоо, иликтөө, соттук териштирүү жана сот өкүмүн (токтомун) аткарууну камтый турган белгилүү бир кылмыш иши боюнча жүргүзүлө турган жүрүм аракеттери менен чечимдердин жыйындысы.
ИШ БОЮНЧА ӨНДҮРҮШТҮ АЯКТОО – 1) административдик иштеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш боюнча өндүрүштү аяктоочу процесстик ишмердикти токтотуу жөнүндөгү чечими; 2) кылмыш-жаза жүрүмүндө белгилүү бир кылмышжаза иши боюнча аны козгоо, тергөө, соттук териштирүү жана соттук өкүмдү (токтомду) аткарууну аяк-тоодогу процесстик аракеттердин жана чечимдердин жыйындысы.
Чын-чынына келгенде, айтылган сөз боюнча эмес, практикалык жагына келгенде, турмуш чындыгы боюнча алганда. Иш жүзүндө баштагы болжогон ой таптакыр башкача болуп чечилди.
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ НИКЕ – мыйзам тартибинде жолжоболоштурулбаган иш жүзүндөгү никелешүү. КРде кээде «жарандык нике» деп да аталат. И. ж. н. үйбүлө мыйзамдарында каралган жубайлык укук менен милдеттерди таңуулабайт.
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ САЛЫКТАР – салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнө тикелей салыктын түрү. Өзүнө жерге, үйгө, кесипчилик салыктарын камтып турат. Эреже катары, И. ж. с. республикалык эмес, жергиликтүү салыкка кирип, айрым бир чыгым түрлөрүн (м.: оңдоо чыгымын) чыгарып салуу менен, кыймылсыз мүлктүн баалоо наркы боюнча алынат жана кирешенин көлөмүнө көзкаранды болбойт (туруктуу чен).
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ТАРБЫЯЧЫ – КР үйбүлө укугу боюнча, эрезеге жетелек балдарды иш жүзүндө баккан жана тарбыялаган эмгекке жарамсыз адам; эгер ал өз балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) багуу көрбөгөн болсо, сот аркылуу өзүнүн ишке жарамдуу тарбиялануучуларынан багууну талап кылууга акысы бар. Камкордукта (көзөмөлдө) турган же асыроочу үйбүлөдө тарбыяланып жаткан жактарга багуу милдети жүктөлбөйт. Эгер И. ж. т. аларды 5 жылдан ашык эмес же тийиштүү деңгээлде бакпаган болсо, сот тарбыялануучуну мындай милдеттен бошотушу мүмкүн.
Орундатуу, аткаруу. Душманга ок, доско сүйкүм, акылман, Эл тилегин иш жүзүнө ашырган (Осмонкул). В.: Ишке ашуу. Менин дагы көптөн күткөн асыл максатым ишке ашып, Фрунзедеги бир окуу жайынан окумак болдум («Ленинчил жаш»). Турмушка ашуу. Мындан көп жыл мурда ойлогон, кагазга гана түшүрүлгөн эскиздер мына минтип бүгүн турмушка ашып жатат («Советтик Кыргызстан»).
Орундатуу, аткаруу. Душманга ок, доско сүйкүм, акылман, Эл тилегин иш жүзүнө ашырган (Осмонкул). В.: Ишке ашуу. Менин дагы көптөн күткөн асыл максатым ишке ашып, Фрунзедеги бир окуу жайынан окумак болдум («Ленинчил жаш»). Турмушка ашуу. Мындан көп жыл мурда ойлогон, кагазга гана түшүрүлгөн эскиздер мына минтип бүгүн турмушка ашып жатат.
Иш илгерилесин, ишиңер ийгиликтүү болсун (иштеп жаткандарга, иш үстүндөгүлөргө каалоо, тилек катары айтылат). Иш илгери балдар, эмне кылып жатасыңар? (Турусбеков). В.: Иш илгери болсун! – Иш илгери болсун! – деди Күмүш. Андай болсун, болсун эже, – дешти иштеп жаткандар (Осмоналиев).
Иш илгерилесин, ишиңер ийгиликтүү болсун (иштеп жаткандарга, иш үстүндөгүлөргө каалоо, тилек катары айтылат). Иш илгери балдар, эмне кылып жатасыңар? (Турусбеков). В.: Иш илгери болсун! – Иш илгери болсун! – деди Күмүш. Андай болсун, болсун эже, – дешти иштеп жаткандар (Осмоналиев).
Иши начарлоо, ойлогон ою оңунан чыкпоо. Да, иш куржун экен кызым, сен турба, биерге (Абакиров). Иш куржун экен, Өтөке (Абакиров). Иш куржун болду, Насыр аке, – деди башкарма, – бир нерсе кылбасак болбойт («Ала-Тоо»).
ИШ МАТЕРИАЛДАРЫ – 1) иш өзөгүн түзүүчү же ага тиркөө үчүн берилген документтер жана буюмдар; 2) иш жагдайын аныктоо үчүн мааниге ээ боло турган билдирүүлөр, ошондой эле документтер менен буюмдар.
Кандайдыр бир иш аткарылууга, бүтүүгө жакындап калуу, чукулунан жайына келүү, жөнгө салынуу, оңолуу, жакшыруу. Иш машагына жеткенде айныганың кандай? («Ала-Тоо»).
Кандайдыр бир иш аткарылууга, бүтүүгө жакындап калуу, чукулунан жайына келүү, жөнгө салынуу, оңолуу, жакшыруу. Иш машагына жеткенде айныганың кандай? («Ала-Тоо»). В.: Иш машагына конуу. Мына ишибиз эми машагына конду («Ала-Тоо»).
taskbar button (noun)
A button that represents an item or program that is open and running on your computer. For example, if you open Microsoft Word, and then minimize it, it will be displayed as a taskbar button, which you can then click when you want to maximize it.
Work Folders (proper noun)
The enterprise-oriented feature which enables organizations to provide their users with access to data and documents stored on their corporate computers from anywhere.
desktop (noun)
The work area on a computer screen that contains different groups of apps or content open and available for different tasks or aspects of your life. Each group of items is called a desktop or virtual desktop.
desktop (noun)
The work area on a computer screen that simulates the top of an actual desk. The desktop contains the Recycle Bin and other icons (shortcuts to programs, files, folders, and various types of documents such as letters, reports, or pictures) that you can arrange on the electronic desktop just as you would arrange real objects on top of a desk.
desktop program (noun)
An application that is built using the traditional Win32 app model, typically makes use of the COM or .NET runtime, and runs only on the desktop of Windows.
Work Management Service (proper noun)
A SharePoint shared service that aggregates tasks that systems such as SharePoint, Project Server, and Exchange assign to users.
Work Management Task Sync (proper noun)
A component of the Work Management Service that synchronizes tasks with systems outside of SharePoint, such as an Exchange mailbox, to enable task management in Outlook.
Риск непрерывнос-ти деятельности (Business continuity risk) —Риск возможных потерь из-за возникновения незапланированных/непредвиденных перерывов или остановок в деятельности организации, которые могут привести к невыполнению или некачественному выполнению поставленных целей и задач.